Бишкекте троллейбустардын кыймылы өзгөртүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, мунун себеби шаарда жолдорду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу.
Ага ылайык, №2, №4 жана №7 троллейбус каттамдарынын кыймылы убактылуу токтотулду. Учурда эки гана троллейбус каттамы — №11 жана №14 жүрүүдө.
Эске салсак, учурда Абдырахманов көчөсүнүн Чүй проспектиси менен Киев көчөсүнүн ортосундагы тилкесинде оңдоо иштери жүрүүдө.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.