Бишкекте жети миң абонент көгүлтүр отко туташтырылды

Бишкекте жыл башынан бери жети миң абонент көгүлтүр отко туташтырылды. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, анын ичинен, 1 миң 990 абонент коммерциялык болсо, 127си өнөр жай объектилери, ал эми 4 миң 883ү турак үйлөр.

 

Эске салсак, Бишкек жана Чүй облусун газдаштырууга “Элдик банк” жана “Айыл банк” тарабынан жеңилдетилген насыялар берилүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.