Кыргызстандан барган куткаруучулардын лагери иштей баштады

Түркиянын зилзаладан жабыркаган аймагында кыргызстандык куткаруучулардын лагери ачылды. Бул тууралуу 8-февралда Кыргызстандан барган куткаруучулар тобунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев билдиргенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы маалымдады.

 

“Кыргызстандын 67 куткаруучусу бүгүн Түркиянын Кахраманмараш шаарына келип түшүп, AFAD (Түркиянын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы) борборуна жайгаштырылдык. Кыргызстандын лагери Сербиянын жана Орусиянын лагерлеринин жанында ачылды. Куткаруучулар жер титиреген аймакка издөө-куткаруу иш-чараларын жүргүзүү үчүн жөнөп кетишет”, — деди Жолдошбаев.

 

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Түркияда, соңку маалыматка караганда, мерт болгондор 6434гө жетти, 37 миңден көп адам жараат алды. Сирияда 1832 киши көз жумду, 4 миңдей адам жабыркады.

Бир катар өлкөлөр жабыркаган аймакка өз куткаруучуларын жөнөтүүдө. Түркияда алардын саны 16 миңге жетти.

 

Бүгүн 8-февралда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлер тобун жана керектүү дары-дармек жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.