Бишкекте жол кирени накталай алган айдоочулар аныкталууда

Бишкекте жол кирени накталай алган айдоочуну аныктоого ыктыярчылар жардам берүүдө.

 

Мэриядан билдиришкендей, муниципалдык автобус-троллейбустарда атайын рейддер уюштурулуп жатат. Ага жалпысынан 60 ыктыярчы тартылган.

 

20-августтан тартып коомдук транспорт накталай эмес төлөмгө өткөрүлгөн, бирок накталай төлөм жүргүзгөн айдоочулар аныкталууда. Буга байланыштуу ыктыярчылар менен биргеликте коомдук транспортто айдоочуларга көзөмөл жүргүзүлүүдө. – деп айтылат маалыматта.