Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жарнама конструкциялары алынууда

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жарнама конструкциялары алынууда.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, Жибек-Жолу проспектисинен (ЧЧК) баштап Курманжан Датка көчөсүнө чейин 398 жарнамалык конструкция алынды. Ошондой эле уруксат кагаздары жок орнотулган 75 чарчы метрди түзгөн 6 бастырма демонтаждалып, анын ичинен 2 бастырма Курманжан Датка көчөсүндө жана 4 бастырма Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан.

 

Мындан тышкары, муниципалдык аймакка өз билемдик менен орнотулган 30 метрлик темир тосмо алынды.

Учурда демонтаждоо иштери уланууда.