Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең Юнусалиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишин унаа кыймылы үчүн жаап, 13-сентябрда ачуу пландалууда.
Ал эми бүрсүгүнү Юнусалиев-Медеров көчөлөрүнүн кесилиши жабылып, 14-сентябрда кайра ачылат.
Белгилеп кетсек, 14-сентябрда Юнусалиев көчөсүнүн Сүйөркуловдон Ахунбаевге чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин унаа кыймылы үчүн ачылат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.