Бишкекте жыл аягына чейин ипотекага 2 миңден ашык батир берилет

Бишкекте жыл аягына чейин ипотекага 2 миңден ашык батир берилет. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов билдирди.

 

Турак-жайлар  учурда ордо калаанын ар кайсы райондорунда курулуп жатат. Кыргызстанда ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн жалпы 139 гектардан ашык жер бөлүнүп, учурда мамлекеттен ипотекага үй алуу үчүн 32 миң 395 адам кезекте турат. Алардын көбү Бишкекте, — деди Баясов.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.