Кыргызстанда аскерде кызмат өтөө мөөнөтү узартылат

Кыргызстанда аскерде кызмат өтөө мөөнөтү узартылат. Жогорку Кеңеш 12ден 14 айга эана аскердик келишимдин мөөнөтүн 5тен 10 жылга узартуу мыйзам долбоорун кабыл алды.

 

Ал президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. Демилге Коргоо министрлигине таандык. Ведомстводон буга чейин түшүндүрүшкөндөй, биринчи чакырылыш кетип, кийинкиси толукталып, даяр болгончо ортодо көп убакыт кетет. Ал эми дефициттеги адистерди кармап туруу үчүн келишимдин мөөнөтүн узартуу сунушталган.