Кыргызстанда нандын баасын мамлекет тарабынан жөнгө салуу киргизилди

Кыргызстанда нандын баасын мамлекет тарабынан жөнгө салуу киргизилди.

 

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, кеп биринчи сорттогу ундун нанына жана токочуна тиешелүү.

 

Мындай чара социалдык маанилүү азыктын баасынын кескин кымбаттап кетишин алдын алуу максатында киргизилди.