Бишкектин борбордук көчөлөрү 31-августтан тарта жабылат

Бишкектин борбордук көчөлөрү 31-августтан тарта унаа кыймылы үчүн жабылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, Чүй проспектиси Ибраимовдон Тоголок Молдого чейин, Фрунзе көчөсү Эркиндик бульварынан Тоголок Молдого чейин, Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү Фрунзеден Чүй проспектисине чейин жана Ибраимов Чүй проспектисинен Фрунзеге чейин чектелет.

 

Убактылуу чектөөлөр Айтматов, Манас проспектилери менен Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөлөрүндө да киргизилет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.