Бишкектин төрт көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады

Бишкектин төрт көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, эки көчөнүн тротуарын, дагы эки көчөнүн жолун капиталдык оңдоо иштери жыйынтыкталды. Ага ылайык, Раззаков көчөсү Фрунзеден Баетов көчөсүнө чейин жана Баетов көчөсү Раззаковдон Орозбеков көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

 

Мындан тышкары, Фрунзе көчөсүндө Абдрахмановдон Шопоков көчөсүнө чейин жолдун түндүк тарабында жана Шопоков көчөсүндө Жумабек көчөсүнөн Фрунзеге чейин жолдун батыш тарабында тротуар капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.