Санариптик өнүктүрүү министрлиги жаңы паспортторду берүүнү пландаштырууда

Санариптик өнүктүрүү министрлиги быйылкы үлгүдөгү жаңы паспортторду берүүнү пландаштырууда. Азыр улуттук документтерди ишке киргизүүгө даярдыктар жүрүп жатат, алардын бланктары “Учкун” ишанасы тарабынан даярдалат.

 

Бул пландарды толук ишке ашыруу үчүн токтомдун долбоору иштелип чыккан.

 

Белгиленгендей, 2017-жылдагы үлгүдөгү ID-карталар жана 2020-жылдагы эл аралык паспорттор бул документтердин бланктары аяктаганга чейин берилет. Алар түгөнгөндө ушул жылдын паспортторун берүү башталат.