Бишкектеги №8 бала бакчага кошумча корпус курулууда

Бишкектин Чокморов көчөсү, 253 дарегинде жайгашкан №8 бала бакчанын кошумча корпусу курула баштады.

Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, имарат эки кабаттан турат жана 90 орунга ылайыкташтырылган. Имараттын жалпы аянты 987,90 чарчы метрди түзөт.

 

Долбоор боюнча имаратта уктоочу, ойноочу, жуунучу бөлмөлөр, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал жайгашат.