Чүй облусунда курулуп жаткан монолиттик-блок модулдарын чыгаруучу завод жыл аягында ишке кирет. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда курулуш иштери дээрлик аяктап, объектке тиешелүү жабдуулар жеткирилди. Заводду ачууга 2 миллион доллар суммасында инвестиция салынды.
Анда жаңы жумуш орундары түзүлүп, ишкана күнүнө 4 модулдан өндүрөт деп күтулүүдө.