Юстиция министрлиги баласына алимент төлөөдөн качкан ата-энелерди үч жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштады

Юстиция министрлиги баласына алимент төлөөдөн качкан ата-энелерди үч жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштады. Мыйзам долбоору бүгүн парламентте биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

 

Азыркы мыйзам боюнча, алимент төлөбөгөндөргө 20-50 миң сомдук айып салынат же бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылат. Мындай жазаны бир жылга чейин төлөбөгөндөргө гана колдонуу демилгеленди.

 

Ал эми 12 айдан ашып кетсе 100 миң сомдук айыпка жыгып, бирден үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.