Санарип министрине орун басар жана байланыш кызматына төрага дайындалды

Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, Жумамүдүн Жумалиев санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды.

 

Мындан тышкары Алтынбек Токторбаев министрликке караштуу байланыш тармагын тескөө жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Бүгүн, 2-октябрда Президенттин администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев жаңы кадрларды эмгек жамаатына тааныштырды.

 

Жумамүдүн Жумалиев «Бишкек жарык» ишканасынын жетекчиси, ошондой эле «Кыргызтелеком» ААКнын башкармалыгынын мүчөсү болгон.

Алтынбек Токторбаев «Кыргызтелеком» ишканасынын башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген.