Чүйдө энергообъекттерди оңдоп-түзөө иштеринин 70 пайызы аяктады

Күз-кыш мезгилин утурлай Чүй облусундагы энергообъекттерде оңдоп-түзөө иштеринин 70 пайызы аяктады. Чүй электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, облус боюнча 23 көмөк чордон, 520 даана трансформатордук көмөк чордон, 505 чакырым аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өттү.

 

Мындан тышкары, 96 көмөк чордон, 3 миң 64 даана трансформатордук көмөк чордон, 3 миң 898 чакырым аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өттү.

 

Ал эми капиталдык курулуш иштеринин алкагында 3,5 чакырым СИП-2 аба чубалгысы тартылып, 35 кВ “Орто-Алыш — 25 лет Кыргызстан” аба чубалгысынын 6,5 чакырымы алмаштырылды.

 

Белгиленгендей, бул иштер жашоочуларды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт.

 

Маалыматка ылайык, учурда Чүй электр тармактар ишканасы облус боюнча дээрлик 300 миң абонентти тейлейт, анын 280 миңдейи турак жай, 16 миңден ашыгы өндүрүш объекттери.

 

Ишканадан кошумчалашкандай, электр жабдууларын оңдоо маалында эртең менен саат 09:00дөн кечки саат 17:00гө чейин электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. Бул боюнча маалымат “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да таратылат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.