Чаткал кичи ГЭСтер каскадын курууга 213 миллион доллар инвестиция салынат

Чаткал кичи ГЭСтер каскадын курууга 213 миллион доллар инвестиция салынат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов билдирди.

 

Анын айтымында, тиешелүү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору макулдашуусуна кол коюлду. Долбоордун алкагында Чаткал дарыясында жалпы кубаттуулугу 160 мегаватты түзгөн 4 кичи ГЭС курулат. Алар: Башкы-Терек, Коргон-Сай, Чуңкурчак жана Айгыр-Жал станциялары.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.