Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылында Памирден келген этникалык кыргыздарга үйлөрдүн курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, турак-жайлардын ачкычы эгемендүүлүк майрамына карата 31-августта тапшырылат.
Эске салсак, курулуш 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 83 миллион сомду түздү. Турак-жайлар эки үй-бүлөгө ылайыкталган, жалпысынан 6 бөлмөлүү 10 үй курулду.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.