Жогорку Кеңеште улгайган ата-энесин кароодон баш тарткан жарандарды жазалоо сунушу көтөрүлдү

Жогорку Кеңеште улгайган ата-энесин кароодон баш тарткан жарандарды жазалоо сунушу көтөрүлдү. Алсак, алимент төлөбөгөндөрдү 100 миң сомго чейин айыпка тартып же 1-2 жылга эркинен ажыратуу сунушталууда.

 

Демилгечилердин айтымында, адатта карылар үйүндө жашагандар балдарына арыз жазуудан баш тартат.

 

Андыктан, мекемеге улгайган адам түшкөн учурда, карылар үйүнүн директору алимент чыгаруу максатында сотко кайрылууга милдеттендирилет. Парламенттин профилдик комитети мыйзам долбоорду биринчи окууда жактырды.