Кыргызстанда ичүүчү суунун тарифи өзгөрүшү мүмкүн

Кыргызстанда ичүүчү суунун тарифи өзгөрүшү мүмкүн.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун айтымында, учурдагы баа реалдуу чыгымдарды актабай жатат.

Чиновник Майлуу-Суудагы соңку кырдаалды мисал келтирип, тариф төмөн болуп, өзүн актабай жатканын, ошондуктан шаар жетекчилиги жабдыктарды талаптагыдай тейлөөгө мүмкүнчүлүгү жок экенин айтты.

Ал ошондой эле таза суунун тарифин аныктоо боюнча методикалык сунуштарды, жоболорду, укуктук документтерди тезинен даярдоо зарыл экенин кошумчалады.