Кыргызстанда ундун баасы туруктуу экени кабарланды

Кыргызстанда 1-сорттогу ундун баасы туруктуу, сатып алуучулар арасында ажиотаж жок. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов билдирди.

 

Анын айтымында, атамекендик өндүрүштүн 1-сорттогу бир кап уну 1 миң 500 сомду түзөт.

 

Чиновник ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана унга рыноктук бааны турукташтыруу максатында ун жана буудайды өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салынганын эске салды.