Чолпон-Атада 175 орундуу бала бакча оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин ачылды

Чолпон-Ата шаарында 175 орундуу бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ремонт 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, 5 млн сомго жакын жумшалган.

 

Учурда бул жерде 250дөн ашык бөбөк тарбияланууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.