Депутат Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшыруу үчүн арыз жазды

Жогорку Кеңештеги «Ыйман-Нуру» фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Бул маалыматты БШКнын басма сөз кызматы тастыктады.

 

Депутат Кадырбеков мандатын өз каалоосу менен тапшыруу боюнча арызды бүгүн, 30-августта жазган. Анын арызын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бүгүн карай турганы айтылды. Кошумча расмий маалымат берилет, — деп кошумчалады БШКнын басма сөз кызматы.

 

Белгилей кетсек, бир канча күн мурун депутат Нуржигит Кадырбеков УКМКга суракка чакырылган. Ал бул ишти «Ыйман» фондундагы жетекчилик убагындагы отчетторго байланыштуу экенин айткан.