Бишкектин аткаминерлерине айып пул салынды

Бишкектин аткаминерлерине айып пул салынды.

Башкы прокуратурадан такташкандай, буга декларациялардын өз убагында тапшырылбаганы жана жалган маалыматтардын берилиши себеп болгон.

Жалпысынан 303 протокол түзүлдү.

Соттор 250гө жакын иш боюнча чечим чыгарып, айып пулдун жалпы суммасы 1 миллион сомдон ашкан.

Калган иштер каралууда.

Маалым болгондой, тартип бузгандардын арасында укук коргоо органдарынын кызматкерлери, муниципалдык кызматкерлер, райондун акими жана мамлекеттик органдардын жетекчилери бар.