Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнө жаңы жетекчи дайындалды

Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп Турдубек Момоконов дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

 

Буга чейин Турдубек Момоконов Талас шаарындагы Салымбеков Бизнес мектебинин жетекчиси болуп эмгектенип келген. Эмгек жолун 1997-жылы Талас районуна караштуу Хан-Бүргө орто мектебинде мугалимдик кесиптен баштаган.