Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов Тажикстанда жолугушту

Согди облусунун Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өттү. Өкмөттөн маалым болгондой, алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулады.

 

Белгиленгендей, тараптар эки чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун сүйлөшүүлөрүн мындан ары активдештирүү боюнча тапшырмаларды беришти.