Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилиши 4-5 саатка жабылат

Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 24-сентябрда саат 15:00дөн баштап Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат. Жол 4-5 сааттан кийин ачылат.

 

Белгилеп кетсек, Горький көчөсү Ч.Айтматов проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин оңдолууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.