Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнө 100 жаңы кызматтык унаа тапшырылды

Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнө 100 жаңы кызматтык унаа тапшырылды. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, машинелер Кыргызстанда өндүрүлгөн.

 

Техника заманбап жабдуулар менен камсыздалган, анын ичинде байланыш системалары, навигация жана видео камералар бар.

 

Күтүлгөндөй, жаңы унаалар милиция кызматкерлерине чакырууларга ыкчам барууга, кайгуул жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.