Ишкерлерге жети миллиард сомдон ашык жардам берилди

“Чакан, кичи жана орто ишканаларды колдоо” долбоорунун алкагында ишкерлерге жети миллиард сомдон ашык жардам берилди. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, акчаны жалпысынан 10 миңден ашуун ишкер алды.

 

Долбоордо бир же үч миллион сомго чейин каржылык жардам көрсөтүү каралган. Программа 2027-жылдын июлуна чейин Кыргызстандын бардык аймагында ишке ашырылат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.