Туризм тармагында иштеген ишкерлер жеңилдетилген насыя ала алышат

Туризм тармагында иштеген ишкерлер бизнесин кеңейтүү үчүн жеңилдетилген насыя ала алышат.

Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Микрофинансылык уюмдар менен кызматташуу келишимине буга чейин кол коюлган.

Каражаттарды бөлүштүрүү туристтик сезондун башталышы менен башталат.

Колдоо эффективдүү болушу үчүн үстөк пайызды рыноктук чендерден төмөн кылуу чечими кабыл алынды.