Бишкекте бензин жыл башынан бери 5 сомго арзандады

Бишкекте бензин жыл башынан бери 5 сомго арзандады.

Ал эми дизель майы 1 сом 20 тыйынга төмөндөгөнүн Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Мекеме ордо калаада күйүүчү майдын арзандашы аймактардагы баага да таасирин тийгизгенин белгилейт.

Февраль айында рыноктун негизги оюнчулары күйүүчү майдын баасын төмөндөтүүнү улантаары күтүлүүдө.

Бул күйүүчү-майлоочу майдын бир жарым айлык запасын эске алуу менен ишке ашат деп пландалууда.