Баткенде өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясынын имараты пайдаланууга берилди

Баткенде өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясынын имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Лаборатория аймакта зыянкечтерди, илдеттерди жана отоо чөптөрдү аныктоо жана алдын алуу максатында курулган. Ошондой эле экспортко чыгуучу айыл чарба продукцияларына лабороториялык изилдөө жүргүзөт.

 

Буга чейин бул иштер Ош облусунда жүргүзүлүп келген.