Япония Кыргызстанга 7,5 миллион доллар бөлүп берди

Япония Кыргызстанга 7,5 миллион доллар бөлүп берди. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражат гранттык негизде тапшырылды. Акча Бишкек жана Чүй облусунун ооруканалары үчүн жаңы медициналык жабдууларды сатып алууга жумшалат деп пландалууда.

 

Ведомстводон эске салышкандай, Кыргызстан менен Япония ортосундагы дипломатиялык мамиле 30 жыл мурда түзүлгөн.

 

Кызматташуунун алкагында 30дан ашык макулдашуу жетишилген. Андан тышкары, транспорт жана саламаттыкты сактоо тармактарын жакшыртууга багытталган    6 долбоор ишке ашырылып жатат.