Кыргызстан 10 миң электромобилди үчүнчү өлкөлөрдөн алымсыз ташып келет

Кыргызстан кийинки жылы 10 миң электромобилди үчүнчү өлкөлөрдөн алымсыз ташып келет.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, электромобилдерди алып келүүгө карата тарифтик жеңилдик белгиленди.

Натыйжада Кыргызстан быйыл 5 миң, 2023-жылы 10 миң электромобилди үчүнчү өлкөлөрдөн алымсыз ташып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду, — деди чиновник.

Бирок транспорт кайсы өлкөдөн алынары такталган жок.