Японияда жылдын эң таң калыштуу кылмышынын бети ачылды

Японияда жылдын эң таң калыштуу кылмышынын бети ачылды.

 

Милицияга бир аял кайрылып, жашыруун номурдан чалуулар боюнча арызданган. Белгисиз адам ага күнүнө бир нече жолу телефон чалып, трубканы койгонго чейин такыр унчукпай тура берчү.

 

Милиция кызматкерлери телефон чалган аялдын күйөөсү экенин аныкташкан. Сурак маалында ал баарын мойнуна алып, мындай жүрүм-турумунун себеби катары жөн гана “аялымды жакшы көрөм” деп жооп берген.

 

Буга чейин жубайлардын ортосунда дээрлик пикир келишпестик болгон эмес. Мындан улам, эркектин аракети ар кандай бүдөмүк ойлорго түрткөн. Натыйжада киши адам аңдууга шектелип камакка алынды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.