Окумуштуулар уйкусуз бир түндө мээ 1-2 жылга картая турганын аныкташты.
Экспериментке 134 адам катышкан.
Изилдөөчүлөр ткандардын жана суюктуктун көлөмүнө жараша магниттик-резонанстык томография аркылуу катышуучулардын мээсинин жашын аныкташкан.
Көрсө, бир уйкусуз түн мээде 1-2 жылдан кийин байкалгандай өзгөрүүлөрдү жаратат экен.
Кызыгы, ушул эле адамдарга уктоого уруксат берилгенден кийин өзгөрүүлөр толугу менен жок болуп кеткен.