Улуу Британияда музыканттардын 63%ы жасалма интеллектти колдонушат

Сурамжылоого катышкан 3 миң британиялык музыканттын 63 пайызы чыгарма жаратууда жасалма интеллектти колдонушат. Алардын айтымында, система музыкалык стандарттардын, композициялык ырааттуулуктун жана алгоритмдердин негизинде жаңы чыгарманы сабаттуу жаратат.

 

Убакыттын өтүшү менен нейрондук тармак технологиялары стиль, жанр, маанай сыяктуу параметрлерди туура жеткире алат.

 

Респонденттердин айтымында, жасалма интеллект альбомдун мукабаларын жана жарнамалык материалдарды түзүүгө да жардам берет. Бул чыгармачылык процессти бир топ жеңилдетет, дешет сурамжылоого катышкандар.