Фитнес тренерлер көнүгүүлөрдүн альтернативасын аташты

Фитнес тренерлер көнүгүүлөрдүн альтернативасын аташты.

Эртең мененки көнүгүүлөрдүн ордуна тепкич менен өйдө-ылдый басса болот.

Физикалык даярдыгы жок адам бир-эки гана кабатка шашпай баскандан башташы керек.

Эксперттер ошондой эле тепкич менен көтөрүлүү кардио машыгууга барабар болгондуктан, колго оор сумкаларсыз, жай темп менен түшүп-чыгуу керек экенин белгилешет.

Ошондой эле дем алууга көз салып, орточо темпти кармап туруу керек дешет машыктыруучулар.