Энергетика министрлиги айрым абоненттер үчүн электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ал кабыл алынса, тарифтин кымбатташы 89 миң 767 керектөөчүгө тиешелүү болот.
Өлкөдө 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясынын тарифтик саясаты бекитилген.
Ага ылайык, инфляцияга жараша тарифтерге түзөтүүлөр киргизилип турат. Электр энергиясынын тартыштыгынан улам ведомство “Башка керектөөчүлөр” тобуна тарифити киловатт-саатына 3 сом 76 тыйын деп белгилөөнү сунуштоодо. Мурда алар “Бюджеттик керектөөчүлөр” тобуна кирип, алар үчүн тариф 2 сом 87 тыйын болчу.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.