“Күзгү патруль”: Бишкекте 10дон ашык адам 15 литрден бензинге ээ болушту

Ретро FM радиосу уюштуруп жаткан “Күзгү патруль” акциясынын алкагында Бишкекте 10дон ашык адам 15 литрден бензинге ээ болушту. Алар 104.5 жыштыгы аркылуу Ретро FM радиосун угуп, сыр сөздү жаттап, шаарда радионун логотиби чапталган унааны издеп таап, жолдо жүрүү эрежелери боюнча суроолорго жооп берип жатышат.

 

Мындан тышкары, бир нече угарман кызыктуруучу белектерге ээ болду.

 

Ретро FM радиосунун “Күзгү патруль” акциясы күн сайын, дем алышсыз, 29-сентябрга чейин уланат. Ага ордо калаанын бардык каалоочулары катыша алат.

 

Белгилеп кетсек, акцияга Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы көмөктөшүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.