Талас облусунда кант кызылчасын кабыл алуу түйүнү ачылды

Президенттин Талас облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Талантбек Эдилов Маймак айылындагы кант кызылчасын кабыл алуу түйүнүнө барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, кабыл алуу түйүнү Кайыңды кант заводу менен Талас облусунун дыйкандарынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ачылган.

«Аталган түйүн күнүнө 600 тонна кант кызылчасын кабыл алат. Дыйкандар кант кызылчасын өткөрүп ордуна кумшекер түрүндө же накталай акча алуу мүмкүндүгүнө ээ», — деп айтылат маалыматта.

 

Белгилей кетсек, Талас облусу быйыл 1000 гектардан ашык аянтка кант кызылчасын эккен.