Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында үч отказандын бирөөсү жылуулук бере баштады.
Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов билдирди.
“Бүгүн, 16-январда Майлуу-Сууда №1 отказан жылуулук бере баштады.
№3, 4 отказанга азырынча суу келе элек, ӨКМдин кызматкерлери ал жерде иштөөдө. Батирлерде 20 градус жылуу болууда”, — деди аткаминер.
Эске салсак, 2023-жылдын 12-январында ызгаардуу сууктан улам Майлуу-Суу шаарындагы калкты таза суу менен камсыз кылуучу сууканалынын түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. №1, 3, 4 отказанда жылуулук берүү системасына суу толук келбей калган.
Мындан улам Майлуу-Суу шаарына 13-январда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.