«Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга Дүйнөлүк банк кошумча акча бөлөт

“Камбар-Ата-1” ГЭСин куруунун алкагында Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 13,5 миллион доллардан ашык каражат бөлөт. Каржы министрлигинин айтымында, бул техникалык жардамга кошумча каражат болот.

 

Долбоор техникалык-экономикалык негиздемени жаңыртууну аяктоо, экологиялык жана социалдык изилдөөлөрдү жаңыртуу, өнүгүү моделин иштеп чыгуу, структураны жана каржылоо планын аныктоону көздөйт.

 

Макулдашуунун алкагында каражат ГЭСтин сапаттуу курулушун камсыз кылуу үчүн физикалык моделдөө, жерди изилдөө жана керектүү сыноолорго жумшалат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.