Кыргызстан жети айда чет мамлекеттерге дээрлик 7,5 тонна алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган көлөмдүн наркы 40,5 миллиард сомду түзгөн.
Алтындын 6 тоннадайы Швейцарияга, 1 тоннадайы Кытайга, жарым тонна Бириккен Араб Эмираттарына жана калганы Түркияга сатылган.