Өкмөт күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселесин талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

 

Атап айтканда, келе жаткан жылытуу мезгилине даярдык, Бишкек шаарынын ЖЭБин көмүр менен камсыздоо маселелери, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо тармагындагы маселелер жана милдеттер, курулуш тармагындагы учурдагы жана пландаштырылган долбоорлор талкууланды.

 

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.