Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” өткөрүү түйүнү сентябрда ачылат

Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” өткөрүү түйүнү сентябрда ачылат. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, анда жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттар түзүлөт.

 

Учурга карата көпүрөнүн курулушу аяктады.

 

Жакынкы арада эл аралык талаптарга жооп берген инфраструктура түзүлөт. Өкмөттөн белгилешкендей, “Бедел” түйүнүнүн ишке кириши менен Кытай жана Борбордук Азия мамлекеттери ортосунда эки тараптуу эл аралык коридор пайда болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.