Кыргыз-өзбек чек арасы: тараптар ратификациялык грамоталар менен алмашты

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшту.
Мындан тышкары, тышкы иштер министрлери мамлекет башчыларынын алдындагы чек аранын айрым тилкелери боюнча макулдашуу боюнча ратификациялык грамоталар менен алмашышты.
Буга чейин Жапаров менен Мирзиёев чек ара боюнча келишимди тарыхый деп аташкан.
Өткөн жылы Жогорку Кеңеш чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимдин долбоорун ратификациялаган. Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы 4 миң 485 гектар жер Өзбекстанга берилерин, ал эми Кыргызстанга Өзбекстан менен чектешкен 15 миң гектарга жакын жер тилкеси өтүп жатканын билдирген. Президент Жапаров буга чейин келишимге кол коюу кыргыз-өзбек чек ара маселесине чекит коёрун билдирген. Андан соң эки өлкө документти ратификациялады.