Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 47 чакырымы макулдашылды

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 47 чакырымы макулдашылды. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу 8-декабрдан 14-декабрга чейин Баткен шаарында өттү. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү протоколго кол коюлду.

 

Калган тилкелерди аныктоо үчүн кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөт.

 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экени ырасталган.