Өзбекстанга ID-карт менен кирүүгө уруксат берген мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште дароо үч окууда колдоо тапты

Өзбекстанга ID-карт менен кирүүгө уруксат берген мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште дароо үч окууда колдоо тапты.

 

Демилгечи, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдиргендей, Өзбекстан кыргыз жарандары ID паспорт менен кире алган үчүнчү өлкө болуп калды. Учурда кыргызстандыктар Казакстан менен Россияга ID-карт менен кире алышат.

 

Мыйзам долбоорунда дагы төрт өлкөгө визасыз режим киргизүү сунушу камтылган. Мальдив, Бахрейн, Ливан жана Бириккен Араб Эмираттарына 90 күндүк визасыз режим киргизилет, — деди чиновник.